Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Рамзан Кадыров француз-немис лидерлерин сындады


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Орусиядагы Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Франция менен Германиянын лидерлерин өз өлкөсүнө чакырып, кумсалар куугунтукталып жатат деген маалыматтардын чын-бышыгын аныктап кетүүгө үндөдү. Ал социалдык тармактардагы баракчасында Европа лидерлерин жалган маалыматтардын негизинде тыянак чыгарды деп айыптады.

Апрель айынан бери бир катар басылмалар Чеченстандын тартип коргоо органдары кумсаларды куугунтуктап, кыйноого алганын жазып чыгышкан. Мындай кабарларды өткөн аптада "Хьюман Райтс Уотч" укук коргоо уюму да тастыктап, Кремлди чара көрүүгө чакырган.

Француз президенти Эммануэл Макрон 29-майда орус президенти Владимир Путин менен жолукканда кумсалардын маселеси көтөрүлгөнүн, орус тарап бир катар чаралар көрүлдү деп ишендиргенин айткан.

XS
SM
MD
LG