Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстанда быйыл 2-майдан тарта он миңден ашуун жаран жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт алды жана 50 миңден көбү документ алууга арыз тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Аталган паспорт адамдын тек-жайын ырастоочу электрондук маалыматтарды камтып, колдонуу чөйрөсү кеңейтилет. Сыртынан азыркы ID картага окшогон электрондук паспорттун ичинде атайын чип болот. Жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу 19 маалымат ошол чипке киргизилген.

Биринчи жолу алып жаткан бардык жарандарга бул документ жыл аягына чейин акысыз берилет.

Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2014-жылы башталган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG