Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:13

Москванын Люблинский райондук сотунда миллиардер Алишер Усмановдун оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга каршы жазган арызы боюнча өтүп жаткан соттук иште тараптардын жарыш сөзү башталды. Соттук териштирүү башталар алдында Навальныйдын адвокаттары далилдерди иликтөө стадиясына кайтып баруу өтүнүчүн келтиришти. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бул соттук ишке премьер-министр Дмитрий Медведевдин байлыгы тууралуу Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду жүргүзгөн иликтөө себеп болду. Март айында жарыяланган документалдык тасмада Алишер Усманов орус өкмөт башчысына кымбат хансарай белек кылганы айтылган.

Миллиардер-бизнесмендин адвокаты Генрих Падва Усмановдун коррупциялык иштерге байланышы бар экени далилденген жок деп айтты. Кечээки соттук териштирүүдө премьер-министр Медведевди күбө катары чакыруу тууралуу Навальныйдын адвокаттарынын өтүнүчү четке кагылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG