Кырк миңден ашуун сөз жана сөз айкашын камтыган “Кыргызча-англисче заманбап сөздүгү” басылып чыкты. Бул тууралуу китептин түзүүчүсү Жыргалбек Ажиматов “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, сөздүк академиялык жана күнүмдүк турмушта көп колдонулган фразалар жана мисалдардан турат. Эгемендик доорунда кыргыз коомуна колдонууга кирип жаңы өздөштүрүлгөн сөздөрдөн тарта, көчө сленгдери, макал-лакаптар өз эквиваленттери менен берилген.
Окуу куралы кыргызча-англисче сөздүктөрдүн ичинен эң көп сөздөн түзүлгөн Кыргызстандагы алгачкы китеп. Окуу куралы 500 нускада басылып чыккан. Учурда миң сомдон сатыла баштады.
Жыргалбек Ажиматов буга чейин чыккан “Кыргызча-англисче фразелогизмдер сөздүгү” жана “Кыргызча-англисче идиомалар сөздүгү” окуу куралдарынын автору. Бир нече кино жана мултьфильмдерди англисчеден кыргызчага которгон. (ErN)