Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Октябрь райондук соту "Заноза" боюнча ишти карайт


Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бүгүн "Заноза" медиа-каражаты боюнча ишти кароону улантат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

31-майда аталган сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүнүн негизинде "Азаттык Медиа" мекемесине каршы доо арыздарды артка кайтарып,​ банк эсептерине коюлган чектөө алынган.

"Азаттык" радиосу оппозициядагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын юристтеринин билдирүүлөрүнө байланыштуу кыргыз президентинин ар-намысына шек келтирди деп башкы прокурор Индира Жолдубаева быйыл мартта сотко кайрылган. Ушундай эле негиз менен "Заноза" интернет басылмасын да сотко берген.

"Азаттыкка" 20 миллион сомдук доо коюлуп, банк эсептерине чектөө киргизилген.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасына «Азаттык Медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштаган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда "быйыл 30-мартта «Эркин Европа/Азаттык» медиа корпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу болгону, окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланганы" айтылган.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жетекчилиги кыргыз редакциясына каршы доо арызды артка алуу боюнча президенттин чечимин кубаттарын билдирген.

XS
SM
MD
LG