Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Адвокатка кол көтөрдү деп айыпталгандар шарттуу кесилди


Ош облусунун Ноокат райондук соту адвокатка жана жабырлануучуга кол көтөрдү деп айыпталган эки жаранды бир жылдан шарттуу түрдө кести. Бул тууралуу адвокат Айсалкын Карабаева "Азаттык" радиосуна билдирди.

Быйыл январда Ош шаардык соту Ноокат районунда он бир жаштагы секелекти зордуктоо аракетине байланышкан ишти караган учурунда шектүүнүн жакындары кыздын энеси менен адвокатка кол көтөрүшкөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган.

Кылмыш иши козголуп, 2-майда шектелген адамдын апасы Кайрыниса Калилова соттун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген. 30-майда эки эжесине да ушундай өкүм чыкты. Мындан тышкары дагы бир тууганына издөө жарыяланган.

Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова былтыр июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин айтып сотко кайрылган.

Апрелде Ош шаардык соту кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады деген жүйө менен шектүүнү актаган. Жабырлануучу тарап буга макул болбой Ош облустук сотуна кайрылган. Иш 30-майда каралып, бирок адвокаттын келбей калганына байланыштуу 1-июнга которулганын облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Териштирүү бүгүн болот.

Окуяга шектелген адамдын жакындары секелек зордуктоо аракетине кабылды деп айтылгандарды четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG