Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

БУУнун Коопсуздук кеңеши Кабулдагы жардырууну айыптады


Кабулдагы жардыруу болгон аймак. 31-май, 2017-жыл.
Кабулдагы жардыруу болгон аймак. 31-май, 2017-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ооганстандын борбору Кабулдагы катуу жардырууну айыптады. Буга жооптууларды таап, жазалоо үчүн ооган өкмөтү менен кызматташууга бардык өлкөлөрдү чакырды.

Коопсуздук кеңешке мүчө он беш мамлекет "террорчулук дүйнөгө жана коопсуздукка эң олуттуу коркунучтардын бири" экенин кайталашты.

Кабулдун чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан аймагында 31-майда жардыргыч зат шыкалган жүк ташуучу машине жарылып, андан кеминде 90 адамдын өмүрү кыйылды. 400гө чукулу ар кандай жараат алышты. Көбү балдар жана аялдар.

Ооганстандын бийлиги каза тапкандардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн, урандылардан сөөк чыгаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооган жергесинде буга чейин болгон теракттарга "Талибан" кыймылынын жана өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун мүчөлөрү жоопкерчилик алышкан.

XS
SM
MD
LG