Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде кыйраган учак кырсыгынын себептерин жарыялады.
Аскердик учактын кыйрашына учкучтун туура багыттан адашып калганы себеп болгонун бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
ТАСС маалымат агенттигинин Орусия Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып кабарлашынча, кырсыкты иликтеген тергөө комиссиясы учак командирдин жаңылганынан улам кыйраганын болжолдогон.
Коргоо, Транспорт министрликтеринин, учакты өндүргөн компания өкүлдөрү кирген комиссия кырсыкка коопсуздук эрежелеринин бузулганы же тышкы факторлор таасир эткени тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.
Ту-154 үлгүсүндөгү учак былтыр 25-декабрда Сочи аба майданынан көтөрүлгөндөн бир мүнөттөн кийин жарылган. Борттогу 92 адамдын баары каза тапкан. Курмандыктардын арасында Орусиянын Сириядагы аскердик базасына концерт тартуулоо үчүн бараткан Александров ансамблинин артисттери, укук коргоочу Елизавета Глинка да бар болчу. Орус бийлиги буга чейин учакта жардыруу болгон деген болжолдорду четке каккан.