Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Сочиде Сирияга бараткан орусиялык учак кулады


Орусиянын армиясынын А.В. Александров атындагы ыр-бий ансамблинин Москадагы имаратынын сыртына коюлган гүлдөр. 25.12.2016
Орусиянын армиясынын А.В. Александров атындагы ыр-бий ансамблинин Москадагы имаратынын сыртына коюлган гүлдөр. 25.12.2016

Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу ТУ-154 учагы Сочиде кырсыкка учурап, борттогу 92 киши мүрт кетти. Сирияга багыт алган учак асманга көтөрүлүп баратып кулаган. 26-декабрда Орусияда аза күтүү жарыяланды.

Сириянын Латакия шаарына бараткан Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы Москва облусунун Чкаловский аэропортунан учуп чыккан. Сочиге май куюп алуу үчүн токтогон Ту-154 асманга толук көтөрүлө электе жээктен бир жарым чакырым алыстыкта Кара деңизге кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган учакты биринчи класстагы учкуч Роман Волков башкарып баратканын Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков айтты:

- Таңкы саат бештен жыйырма жети мүнөт өткөндө Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы радардан жоголуп кеткен. Бортто экипаждын сегиз мүчөсү жана 84 жүргүнчү бар эле. Алар коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жана Сириядагы “Хмеймим” авиабазасындагы орус аба аскерий күчтөрүн куттуктоо үчүн баратышкан Александров атындагы ыр-бий ансамблинин артисттери, орусиялык массалык маалымат каражаттарынын тогуз өкүлү болгон.

Борттогулардын толук аты-жөндөрү Коргоо министрлигинин сайтында жарыяланды. Алардын арасында Александров атындагы ыр-бий ансамблинин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру, Коргоо министрлигинин маданият башкармалыгынын жетекчиси Антон Губанков да бардыгы маалым болду.

Андан тышкары министрликтин маалыматы боюнча кырсыкта “Адилеттүү жардам” фондунун башчысы, “Доктор Лиза” деген ат менен таанымал Елизавета Глинка да курман болгону маалымдалды. Бир ай мурда Орусиянын президенти Владимир Путин Глинканы "Кайрымдуулук үчүн" ардак белгисин тапшырган.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана "Адилеттүү жардам" фондунун жетекиси Елизавета Глинка
Орусиянын президенти Владимир Путин жана "Адилеттүү жардам" фондунун жетекиси Елизавета Глинка

Елизавета Глинка Кремлде сыйлыкты алып жатып сүйлөгөн сөзүндө буларды айткан:

- Биз бардык адамдар менен тынчтыкта диалог жүргүзүп, кызматташуубуз керек. Бүгүн мен өз кесиптештерим тууралуу айтпай коё албайм. Сириядагы эки күн мурда мүрт кеткен дарыгерлерди, Донбасста көз жумган врачтарды, Донбасстагы атышууларда өлгөн балдарды жана Сирияда жерге берилген миңдеген балдарды биз эч качан унутпайбыз.

Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы Людмила Алексеева Глинканын өлүмүн “чоң жоготуу” деп атады. Адам укуктарын коргоо кеңешинин башчысы Михаил Федотов Глинка “бир нече жылдан бери дээрлик күн сайын муктаждарга паллиативдик медициналык жардам көрсөтүп, үй-жайсыздардын курсагын тойгузуп, аларды кийинтип, кам көрүп келгенин” айтты. “Башкаларга жардам берүү анын миссиясы эле” –деди Федотов.

Бортто ошондой эле Биринчи каналдын үч журналисти Дмитрий Рунков - корреспондент, Вадим Денисов - оператор жана үн оператор Александр Сойдов, НТВ каналынын кабарчысы Михаил Лужецкий менен оператор Олег Пестов болгон. Коргоо министрлигине караштуу “Звезда” телеканалынын да үч кызматкери болгон.

Биринчи каналдын курман болгон журналисттери
Биринчи каналдын курман болгон журналисттери

Ту-154 учагы 1983-жылы чыгарылган. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку ирет 2014-жылы толук оңдо-түздөө иштеринен, ал эми үч ай мурда текшерүүдөн өткөн.

Сочиде кырсык курмандыктарын издешүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:46 0:00

​Кырсыктын себептери так айтыла элек. Окуяга байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлгөнү кабарланды. Аны жетектеген транспорт министри Максим Соколов Сочиге учуп кетти. “Интерфакс” агенттиги адистер учак кыйраган жерде бир нече адамдын сөөгүн жана учактын калдыктарын табышканын жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Сочидеги учак кырсыгына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Телеграммада "Көптөгөн адам курмандыктарына жеткирген кырсыкта жакындарын жоготкондорго Кыргызстандын элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилден кайрат айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм" деп айтылат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG