Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылат. 31-майда президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы директору Лилия Бурунчук баштаган делегация менен жолугушту. Анда мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза коом» долбоору жана анын негизги өзөгү деген Digital CASA долбоору талкууланды.
Лилия Бурунчук Дүйнөлүк банк аны каржылоого даярдыгын маалымдады.
Буга чейин "Таза коом" өкүлдөрү аталган банк Digital CASA долбоорун каржылоо суммасын 20 миллион доллардан 50 миллион долларга көбөйтөрүн айтышкан. 30-майда өкмөт "Таза коом" улуттук долбоорун эл аралык коомчулукка, донор уюмдарга тааныштырган.
Бийлик бул долбоор аркылуу Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландырууну көздөп жатат. (NT)