Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:49

Бишкекте 31-майда өткөн "Беш акын" теледолбоорунун экинчи айлампасында акын Салтанат Орозобекова жеңишке жетишти.

Бул жолу акындар таймашы 1950-60-жылдары туулган акындар арасында өтүп, ага Бактыгүл Сейитбекова, Бурулкан Сарыгулова, Өмүрбүбү Бегалиева, Бибира Бектенова, Салтанат Орозобекова катышты.

Калыстар тобунун чечими менен Салтанат Орозобекова жеңүүчү деп табылды. Анын ырлары 1970-жылдан тартып басма сөз беттеринде, «Учкун» адабий альманахтарында, «Кыргыз поэзиясынын антологиясынын» экинчи томунда жарык көргөн. Акындын айрым ырлары орус тилине которулган.

Иш-чараны ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз Улуттук жазуучулар биримдиги жана ЭЛТР каналы биргеликте уюштурган. (ZA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG