Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 19:16

Түркияда аскердик тик учак кыйрап 13 адам каза тапты


Түркия аба күчтөрүнүн AS 532 Cougar үлгүсүндөгү учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Ирак менен чектешкен Ширнак аймагында 31-майда аскердик тик учактын кыйрашынан анын бортундагы 13 адамдын баары каза тапты. Бул тууралуу Түркиянын аскерий өкүлдөрү билдирди.

Өлкөнүн аскердик аба күчтөрүнө таандык тик учак кыйраган аймакта түрк аскерлери күрд согушчандарына каршы операция жүргүзүүдө.

Аскер кызматкерлеринин маалымдашынча, AS 532 Cougar үлгүсүндөгү тик учак Сеноба районундагы аба базадан учуп чыккандан кийин жогорку чыңалуудагы электрлиниясына урунган.

Каза тапкандардын аты-жөнү тууралуу маалымат ачык айтылган жок. Жергиликтүү DHA кабар агенттиги тик учактын бортунда генерал-майор баштаган делегация бардыгын жазды. Маалымат булактары бортто дагы алты офицер болгонун билдиришти. Кырсык болгон аймакка Анкарадан Түркиянын коргоо министри Фикри Ышик, вице-премьер Мехмет Шимшек баштаган өкүлдөр шашылыш жөнөп кеткени кабарланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG