Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:35

Депутат “Нарын” ресторанынын имаратын бузбоого чакырды


Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Нарын” рестораны 1980-жылдары курулган.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина Бишкектин борборунда жайгашкан мурдагы “Нарын” ресторанынын имаратын бузбоого чакырды. Депутат имарат совет доорунун маданий мурасы катары кайра жасалып, сакталып калышы керектигин белгиледи:

- Бул жерге ишкерлер бизнес борбор курууну пландап жатышат. Атүгүл Швейцариядан келген архитектор Кристиан Хилер “Нарынды” бузуу мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн маданий мурасына сокку урууга барабар экенин айтып жатат. Ал жакшылап кайра жасалып, совет доорунун эстелиги катары сакталып калышы мүмкүн.

"Нарын" ресторанынын имаратын түрттүрүү пландалып жатканын Свердлов райондук администрация башчысы Самарбек Болотбеков билдирген. Буга чейин райондук администрация бул жайда адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан окуялар көп болгондуктан айланасын тосууну буйруган болчу.

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан “Нарын” рестораны 1980-жылдары курулган. Убагында эл көп барган жайлардын бири болгон имарат он жылдан ашуун убактан бери ээнсиреп, талкаланып турат. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG