Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Атамбаев: биздин балдар коргоого муктаж


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата коомчулукка кайрылуу жасады. Анда бул күн ар бир ата-эне сөзсүз балдарына көңүл бурчу үй-бүлөлүк майрамга айланганы белгиленген. Ошол эле учурда балдар коргоого муктаж экени айтылат.

- Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү болгонуна өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет.

Мамлекет башчы балдардын шык-жөндөмүн, талантын ойготуу жана өстүрүү ата-эненин гана колунда экенин белгилеп, балдар үй-бүлөдө, жакындарынын жанында гана бактылуу, телегейи тегиз инсан болуп жетишээрин белгилеген.

1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата бүгүн да жер-жерлерде майрамдык оюн-зоок, концерттер уюштурулду.

Кыргызстандын калкынын 40 пайызга жакынын балдар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG