Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Рак оорулуу балдарга медициналык борбор курулат


Кыргызстанда рак оорулуу балдар үчүн атайын медициналык борбор куруларын бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги онкология борборунун балдар бөлүмүнө барган учурда айтты. Мамлекет башчы бейтаптардын абалы, аларды дарылоонун шарттары менен таанышты. Президент балдарга ден соолук каалап, оору менен күрөшүп, аны жеңүүгө үндөдү. Атамбаев балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, китеп, пазл өңдүү белектерди тапшырды.

Онкология борборунда дары-дармек жана дарыгерлердин тартыштыгы көйгөйлүү маселелердин бири экени көп айтылып келет. Буга чейин быйылкы жылдын бюджетинен балдар онкологиясы бөлүмүнө химия терапия үчүн 9 миллион сом каражат бөлүнөрү кабарланган.

Расмий маалымат боюнча учурда Улуттук онкология борборунда 25 миң адам залалдуу шишик оорулары менен каттоодо турат, анын үч миңден ашуунун балдар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG