Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

Европа лидерлери АКШны Париж келишиминен чыкпоого чакырууда


Париж келишими кабыл алынган саммит. 30-ноябрь, 2015-жыл.
Париж келишими кабыл алынган саммит. 30-ноябрь, 2015-жыл.

Президент Дональд Трамптын айтымында, АКШ глобалдык климаттын өзгөрүүсү боюнча келишимде калар-калбасы бүгүн жарыяланат.

Америкалык медиа кечээ Вашингтондогу өз булактарына шилтеме жасап кабарлагандай, Трамп АКШны 2015-жылы Парижде 195 өлкө кол койгон келишимден чыгарышы мүмкүн.

Вашингтондогу администрациянын бул кадамы АКШнын өнөктөштөрү мамилесинин мындан ары начарлоосуна алып барышы күтүлөт, Кошмо Штаттар келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулат.

Европа лидерлери Трампты келишимден чыкпоого ынандыруу үчүн акыркы мүнөттөргө чейин аракеттенди. Бирок президенттин айтымында, келишимдин Республикалык партия ичиндеги оппоненттери, көмүр, мунай жана энергетика секторунда иш алып баргандар келишим АКШ үчүн токтотулуусу үчүн катуу умтулуп жатышат.

Президенттикке талапкер кезинде Париж келишимин Трамп өзү да сындап, глобалдык жылуулукту мистика деп атаган болчу.

Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ.

Анда ар бир өлкө өз демилгеси менен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүсү каралган.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы АКШ 2025-жылга чейин булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартат деп милдеттенме алган.

Ага ылайык, АКШ булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылкы деңгээлден 26-28% азайтмак. (UE)

XS
SM
MD
LG