Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Бишкектеги эки сейил бак убактылуу жабылды


Оштогу Навои сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, сегиз адам жабыркаган.
Оштогу Навои сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап, сегиз адам жабыркаган.

Коопсуздук себептеринен улам Бишкектеги “Ата Түрк” жана “Асанбай” сейил бактарынын аттракциондору убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экотехинспекциянын өнөр жай коопсуздугу боюнча ага инспектору Болот Ибраев билдирди.

- Оштогу окуядан кийин Бишкектеги сейил бактарга мониторинг жүргүздүк. Анын натыйжасында энергия-коопсуздук талаптарына жооп бербегени үчүн абалы начар экөөнүн ишин токтоттук. Кечээ мэрия, эс алуу жайларынын жетекчилери, байкоочу кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп, коопсуздук үчүн ушундай чечим кабыл алдык. Аттракциондордун теңинен көбү эскирген. Электр зымдары туташкан жерлер талапка жооп бербейт экен. Ушул маселелерди чечмейинче иштебей турат.

Бүгүн балдарын сейил бактарга алып барган ата-энелер электр жарыгы өчүрүлгөнүнө нааразы болуп “Азаттыкка” кайрылышкан. Аттракциондор майрамга карата атайылап токтотулган болушу мүмкүн деген ата-энелер Бишкек мэриянын жооп беришин талап кылышууда. Учурда алар балдары менен мэрияда турушат.

14-майда Оштогу Навои паркында карусель кулап, сегиз киши жабыркаган. Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG