Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Москва менен Киевдин газ талашында сот Украинаны колдоду


Украинанын газ кампаларынын бири.

Стокольмдогу арбитраждык сот Киевдин Москва менен узактан берки газ талашы боюнча баштапкы үч чечиминде тең украин тарапты колдоду. Чечимдердин акыркысы 31-майда чыкты.

Кыш ортосунда улам-улам кайталанган өчүрүүлөрдөн кийин Украинанын "Нафтогаз" компаниясы Орусиянын "Газпрому" менен 2009-жылы он жылдык келишим түзгөн. Бирок кийин украин өкмөт келишимдин шарттарын оор деп эсептеп, 2011-2015-жылдары “базар баасынан” ашыкча төлөндү делген 18 миллиард долларды "Газпромдон" кайтарып алууну көздөгөн.

"Газпром" украин тараптын дооматын четке кагып, "Нафтогаз" келишимде каралган көгүлтүр от көлөмүн сатып албаганы үчүн алардан кенемте катары 37,1 миллиард доллар талап кылган.

Келишимдин “ал жана төлө” деген жобосу боюнча Украина Орусиядан белгиленген өлчөмдөгү газды сатып алуусу, эгер сатып албаса калган көлөм үчүн да акча төлөй турганы каралган болчу.

Эми "Нафтогаз" компаниясы билдиргендей, Стокольмдогу арбитраждык сот бул талашта алардын турумун колдоду жана Украина Орусиядан импорттогон газды кайра сатууга укуктуулугун да көрсөттү. Ал эми үчүнчү чечиминде сот "Нафтогаз" “баа формуласына” базар шартына жараша оңдоо киргизүүгө укуктуу деп да тапкан. (UE)

XS
SM
MD
LG