Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Сот Super.kg порталынын арызын кароодо баш тартты


Дача-СУ
Дача-СУ

Бишкектеги райондор аралык сот Super.kg порталынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берген арызын кароодон баш тартты. Мындай маалыматты аталган порталдын башкы редактору Гүлжан Асангожоева “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтуусунда, арыз сотко 25-майда жолдонгон. Ал эми сот порталдын юристтерине бүгүн жооп берген.

- Дача-СУ конушунда жашагандарга элден чогулган жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кеңири маалымат сурап министрликке кайрылганбыз.Эсепке алынып, сом, тыйынына чейин берилип жатабы деп кызыкканбыз. Алгач оозеки кайрылдык, кийин кат жөнөттүк. Бирок маалыматтын ачыктыгы, ачык айкындуулукту камсыздаш керек деген мыйзамга ылайык жооп ала албагандыктан тийиштүү жактарга арыз менен кайрылууга туура келди. Ар бир адам каражатты которуп жатат. Анын кандай коротулуп жатканын коомчулук кантип билиши керек деген суроо жаралды.

Эми Super.kg порталынын журналисттери маалыматты алуунун башка жолдорун издейт.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылындагы авиакырсыктан 35 жергиликтүү тургун, түркиялык төрт учкуч ажал тапкан. Расмий маалымат боюнча 19 үй түп орду менен бузулуп, жети үй жараксыз абалга келген. 12 үй жарым-жартылай кыйраган.

Кыргыз өкмөтү Дача-СУ конушунда жашагандарга материалдык жана моралдык колдоо үчүн деп бөлүнгөн беш миллион сомду 225 адамга Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл өкмөт башчысы түзгөн атайын комиссия бөлүштүргөнүн кабарлаган. Ал эми элден чогулган жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча 6-майда кеңири түшүндүрмө таратып, каражат калыс, текши бөлүштүрүлгөнү, жети жаран үй-жай алганы айтылган. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG