Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Казаков: “Асыл” пансионатынын ээси өкмөт


Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көлдө журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди. Ал мүлктүн ээси өкмөт экенин жана ижарага алып, акча төлөбөй иштетип жүргөн Эл аралык университеттин үстүнөн арызданышарын кошумчалады.

- Бул бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу мамлекеттик мүлк. Эл аралык университетке берүү боюнча эч кандай чечим жок. Университеттен кайра сатып алуу укугу менен ижарага берилсин деп 2003-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Бирок ошол чечим өкмөт тарабынан 2008-жылы жокко чыгарылган. Андан бери сот иштери жүрүп жатат, бирок мыйзамдын чегинде мүлктүн кожоюну бул өкмөт. Мүлктүн кожоюну кимге беришти өзү чечет. Ошол укугунан пайдаланып, өкмөт ошондой буйрук чыгарды.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө жасаган иш-сапарында Сары-Ой айылындагы “Асыл” пансионаты мугалимдерге берилерин айткан. Мындан кийин пансионаттын жетекчиси Райхан Мамытова өкмөт “Асылды” мыйзамсыз алып жатканын жана сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирген болчу. (КЕ/AsM)

XS
SM
MD
LG