Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Москва бийлиги Навальныйдын жүрүш боюнча өтүнүчүн четке какты


Владивостоктогу антикоррупциялык демонстрация. 26-март, 2017-жыл.
Владивостоктогу антикоррупциялык демонстрация. 26-март, 2017-жыл.

Оппозиция лидери апта башында шаар бийликтерине 12-июнь Москванын чок ортосунда антикоррупциялык митинг өткөрүүгө уруксат сурап кайрылган.

Бирок, Москванын коопсуздук департаментинин башчысы Владимир Черников алар Навальныйга демонстрация үчүн Кремлге жакын көчөлөрдү эмес, борбордон башка эки жерди сунуш кылып жатышканын билдирди.

Муну демонстрациялар Орусия күнүн майрамдоо боюнча иш-чараларга тоскоолдук кылары менен түшүндүрдү.

Алексей Навальныйдын буга чейинки жарыясына караганда, активисттер 12-июнь күнү Орусиянын 212 шаарында бийликтер уруксат берген-бербегенине карабай антикоррупциялык жүрүштөргө чыгууну көздөөдө.

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

Ал буга чейин 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын да жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG