Президент Дональд Трамп өзү билдиргендей, АКШ глобалдык климаттын өзгөрүүсү боюнча келишимде калар-калбасын бүгүн жарыяламакчы. Жарыя Ак үйдөн Бишкек убактысы боюнча 2-июнда түнкү саат 01:00дө жасалары күтүлүүдө.
Америкалык медиа Вашингтондогу өз булактарына шилтеме жасап, Трамп АКШны 2015-жылы Парижде 195 мамлекет кол койгон келишимден чыгарарын кабарлаган.
Дүйнө өкмөттөрү Трампты келишимден чыкпоого чакырса, Европа лидерлери "Чоң жетинин" өткөн аптадагы саммитинде аны буга ынандыруу үчүн абдан аракеттенишкенин билдиришти.
Кытай бүгүн эгер АКШ келишимден чыкса, Евробиримдик менен иштеше берерин ишара кылды.
Орусия негизги катышуучуларсыз келишимдин эффективдүүлүгү азая турганын белгиледи.
Дүйнөдө абанын эң ири булгоочулары катары Кытай менен АКШ эсептелет.
Трамп мурдараак келишимдин Республикалык партия ичиндеги оппоненттери, көмүр, мунай жана энергетика секторунда иш алып баргандар АКШнын андан чыгуу боюнча өз аргументтерин келтирип жатканын билдирген.
Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн негизги донорлорунун бири Огайо штатынан көмүр өндүрүүчү Murray Energy Corp компаниясынын башчысы Робет Мүррей мына ушундай чакырык жасаган.
Бирок ExxonMobil, Apple, Dow Chemical, Unilever жана Tesla өңдүү ири корпорациялардын башчылары келишимде калууга үндөштү.
Ал эми Республикалык партиянын 2012-жылдагы президенттикке талапкери Париж келишими “климатка эле эмес, АКШнын глобалдык лидер бойдон калышына” тийиштүү маселе экендигин эске салды.
Президенттикке талапкер кезинде Париж келишимин Трамп өзү да сындап, глобалдык жылуулукту мистика деп атаган болчу.
Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ.
Анда ар бир өлкө өз демилгеси менен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүсү каралган.
Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы АКШ 2025-жылга чейин булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартат деп милдеттенме алган.
Ага ылайык, АКШ булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылкы деңгээлден 26-28% азайтмак. (UE)