Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Дональд Трамп: АКШ глобалдык климат боюнча Париж келишиминен чыгат


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп глобалдык жылуулукка каршы туруу чараларын макулдашкан Париж келишиминен Америка чыгарын жарыялады. Аталган келишимге абаны булгаган жагынан алдыда турган ондогон мамлекеттер 2015-жылдын 22-апрелинде Парижде кол коюшкан.

Ошону менен АКШ глобалдык климаттагы өзгөрүүлөргө каршы бирге турууну макулдашкан 195 мамлекеттин катарынан чыгып, бул маселеде Сирия менен Никарагуага кошулду.

АКШда глобалдык климатты коргоонун жактоочулары аз эмес. Президент Трампка кайрылуу менен парник газдарын көп чыгарган көмүр компаниялары да чыгышты.

Баарынан чечкиндүү жана катаал кайрылууну америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX и PayPal компанияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири, президент Трамптын кеңешчиси Илон Маск жасады. Ал АКШ глобалдык климат боюнча Париж келишиминен чыкса, Ак үйдөгү кеңешчилик кызматтан кетерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG