Украинанын чыгышында 1-июндан тарта кезектеги бир күндүк элдешүү жараяны күчүнө кирди. Ал бир суткага созулат.
Бир күн мурда украин аскерлери курал-жарактын бардык түрүнө тыюу салынганы тууралуу буйрук алышкан. Украина тараптын билдирүүсүндө эгер Орусия колдогон жикчилдер тараптан коркунуч болсо, алар курал колдонууга даяр экени да айтылат.
Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жарашуу демилгесин жаатташкан эки тарап тең колдогон. Бейшемби күнү эртең менен Донбасста элдешүү жараяны дээрлик сакталган. Украина армиясынын маалыматына караганда, түн ичинде гана жикчилдер украин позицияларын көздөй эки жолу ок чыгарышкан.
Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп жарыялап алган аймактын өкүлдөрү да украин тараптан эки жолу ок атуу болгонун кабарлашты. Расмий маалыматтар боюнча, Донбасста конфликт башталган 2014-жылдын февралынан бери 10 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, 23 миңдейи ар түрдүү жараат алды.