Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:52

Прокуратура милиция сабаган жигиттин ишин иликтей баштады


Окуя боюнча видеодон алынган сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги "Оливье" кафесинин алдында сабалган жигит боюнча ишти иликтөө жанданды.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү делип кармалган орган кызматкерлерине "бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон. Сот шектүүлөрдү бир айга камакка алган. Бирок жабырлануучу тарап кылмыш иши боюнча тергөө аракетине катышуудан баш тартып, шектүүлөргө тагылган айыпты колдобой койгондуктан милиция кылмыш ишин токтоткон.

Бишкек шаардык прокуратурасы муну менен макул болбой, ишти иликтөөнү шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырганы айтылат Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө "Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Башкы прокуратура кызматкерлери бул иш боюнча тергөөгө киришип, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын өзгөрттү деген маалымат чындыкка туура келбеси" белгиленген.

Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыккан эки адам ага кирип бараткан жигитти себепсиз сабаганы тартылган видео быйыл 1-февралда интернетке тараган. Окуяга байланыштуу милициянын эки кызматкери кармалып, иштен алынганын ИИМ билдирген. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG