Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

Бишкекте шардан гүл жасап саткан бала 117 миң сом пайда тапты 


Эрмек эстрада ырчысы Анжелика менен (Сүрөт Фейсбуктан алынды)

Бишкек шаардык башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, шаар мэри Албек Ибраимовдун тапшырмасы менен Октябрь райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жети жаштагы Эрмек Абдурахмановдун үй-бүлөсүнүн абалы менен таанышып келишкен. Ал экинчи топтогу майып чоң энеси жана кичинекей карындашы менен жашай турганы, апасы Орусияда иштеп жүргөнү белгилүү болгон.

Мекеменин убадасы боюнча, быйыл сентябрдан тарта Эрмек Абдурахманов Бишкектеги №20 мектепке 1-класска барат, анын карындашынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилип, №135 бала бакчага жайгаштырылат. Үй-бүлөсү социалдык камкордукка алынат. Абдурахманов Бишкекте шардан жасалган гүл сатып, коомчулуктун назарына түшкөн.

Журналист Дайырбек Орунбеков баланы "Кыргызстандагы эң жаш ишкер" деп атоо тууралуу демилге көтөрүп, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө флеш-моб уюштурулган. Эрмек шардан жасалган гүлдөрүн сатып, 117 000 сом тапканын Орунбеков билдирди. Анын айтымында, курулуш компаниялардын бири бул үй-бүлөгө бир бөлмөлүү батир белек кылууну убада кылган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG