Кечээ, 1-июнда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында Гольф Академиясы ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Аламүдүн балдардын атайын спорттук мектебинин базасында бул окуу жайга мамлекеттик агенттик тарабынан эки машыктыруучуга штат ачылган.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Академиянын ачылышында сөз сүйлөп: “Жергиликтүү тургундар бул мектепке жумушка орношуп, балдарын окутса болот. Спорттун бул түрүнөн эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга мамлекеттик агенттик тараптан колдоо көрсөтүп турабыз”, - деген пикирин айтты.
Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы Катчысы Саламат Эргешов:
"Гольф 2016-жылы Олимп оюндарынын программасына киргизилди. Бул академиянын бүтүрүүчүлөрү 2020-жылы боло турган Олимп оюндарына катышса болот. Спортчулардын жана машыктыруучулардын квалификацясынан жогорулатуу үчүн Улуттук Олимпиада Комитети тарабынан толук шарт түзүлөт", - деди.
Гольф оюну Кыргызстанда 2002-жылдан баштап ойноло баштаган. Ал кезде Бишкекке жакын Кара-Жыгач айылында 25 гектар аянтты ээлеген аймакка Кыргызстанда иштеген канадалык жарандар гольф аянтын куруп ойношкон экен. 2010-жылы ал аймакка “Кленовый лист” аталышында клуб түзүлүп, каалоочуларга эшигин ачкан. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясы негизделген. Ошол жылдардан тарта Кыргызстан бул спорттун түрү боюнча Азия-Тынч океан аймагынын конфедерациясына мүчөлүккө кабыл алынып, спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк алган. 2014-жылы Азия оюндарына алгачкы жолу Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Гольф федерациясынын вице-президенти Айдаралы Асанов катышып келген. (ECh).