Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 07:16

Бишкекте дарактардын кыйылышына нааразылар көчөгө чыкты


Бүгүн Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү дарактардын кыйылышына каршы болуп жарандык активисттер жана айрым тургундар балдары менен нааразылыкка чыгышты.

Алар буга чейин мэрияга чейин барышканын, элдин пикири менен эсептешпей, көңүл бурулбай жатканын билдирип жатышат. Ошол аймакта жүргөн милиция кызматкерлери дарактар кыйылган аймактардан алыс туруу боюнча эскертүүгө баш ийбеген үч-төрт жаранды кармаганын кабарлады. Ал эми жарандык активисттер бак-дарактардын кыйылышына каршы болгон ондон ашуун адам кармалып, Биринчи Май РИИБне жеткирилгенин маалымдашты.

Тургундардын айтымында, “Зеленстрой” Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында дарактар кыйылып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы нааразылыгын билдиришкен. Бул райондо 800 түп дарак кыйылары айтылган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG