Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:29

Ош облустук соту бүгүн Ноокат районунда он бир жаштагы кызды зордуктоо аракети боюнча доо арызды карап, шаардык соттун шектүүнү актаган өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты Айсалкын Карабаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Жабырлануучу тарап өкүмгө макул эместигин, Жогорку Сотко доо арыз жолдонорун билдиришти.

Ноокат районунун Борбаш айылынын тургуну Насиба Нурматова былтыр июнда 11 жаштагы кызын 30 жаштагы коңшусу зордуктоого аракеттенгенин айтып, сотко кайрылган.

Апрелде Ош шаардык соту кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбады деген жүйө менен шектүүнү актаган.

Жабырлануучу тарап буга макул болбой Ош облустук сотуна кайрылган. Окуяга шектелген адамдын жакындары секелек зордуктоо аракетине кабылды деп айтылгандарды четке кагып, күнөөнү жабыркаган тарапка оодарып келишет. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG