АКШнын өнөктөштөрү жана атаандаштары президент Дональд Трамптын өлкөсүн климат боюнча 2015-жылкы Париж келишиминен чыгаруу чечимин сынга алуу менен анын келишимди кайра сүйлөшүү сунушун да четке кагышты.
Маселен Франция, Германия, Италия лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө “биз келишим кайра сүйлөшүүгө жатпасына бекем ишенебиз” деп айтылат. Алар Трамптын чечимин өкүнүчтүү деп атап, дүйнөнүн калган бөлүгүн “климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү аракеттерин ыкчамдатууга" да чакырышты.
Кытай мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин билдиргенине караганда, АКШнын Париж келишиминен чыгуусун “глобалдык артка кетүү” деп санайт. Мунун алдында Кытай АКШ климат боюнча келишимден чыккан күндө деле ал өз милдеттемесин сактап, Евробиримдик менен иштеше берерин айткан.
Орусия Трамтын чечимин “урматтарын”, бирок өз тарабынан келишимдин аткарылуусун токтотпой турганын белгиледи.
АКШнын өзүндө болсо президенттин жарыясы эки башка реакция жаратты. Париж келишиминин Конгресстеги оппоненттери -республикачылар Трамптын чечкиндүүлүгүн кубатташса, демократтар анын кадамын “табият үчүн трагедия”, АКШнын дүйнөлүк деңгээлдеги “лидерлигинен баш тартуусу” катары сыпатташты.
Президент Трамп АКШ 2015-жылы 195 өлкө кол койгон Париж келишиминен чыгарын өткөн түнү жарыялаган. Муну менен АКШ келишимге кирбеген Сирия менен Никарагуанын катарына кошулду.
Трамп өз чечимин келишимдин шарттары “адилет эмес” жана АКШ экономикасына зыяндуу экени менен түшүндүрдү.
Париж келишими глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн мамлекеттерди укуктук жактан милдеттендирген алгачкы документ. Анда ар бир өлкө өз демилгеси менен булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча чараларды көрүүсү каралган.
Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы АКШ 2025-жылга чейин булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартат деп милдеттенме алган.
Ага ылайык, АКШ булганыч газдардын бөлүнүшүн 2005-жылкы деңгээлден 26-28% азайтмак. (UE)