Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Шайлоо жөнүндө мыйзам президенттин кароосуна жиберилди


“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам кол коюу үчүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлдү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов мыйзам кечээ Президенттик аппаратка келип түшкөнүн “Азаттыкка” ырастады. Ал мыйзам каралып жатканын, ага жакынкы күндөрү кол коюларын белгиледи.

Жогорку Кеңеш 31-майда “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдогон. Өзгөртүүлөргө 9 депутат каршы добуш берген. Мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда айрым депутаттар сунушталган өзгөртүүлөр демократиялык принциптерге дал келбестигин, көз карандысыз байкоочулардын укугун чектей турганын айтышкан болчу.

Мыйзам долбооруна ылайык, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары экиге бөлүнөт. Саясий партиялар дайындаган байкоочулар шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө ээн-эркин көз салууга жана мыйзам бузууларды байкаса арызданууга укугу бар. Ал эми бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү добуш берүүгө алыстан гана байкоо салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул өзгөртүүлөрдү укуктарды чектөө катары баалап, нааразылык билдирип келүүдө. Алар президентке кайрылып, мыйзамга вето коюну өтүнүшкөн.

Өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзам долбоорунда президенттик шайлоону быйыл 15-октябрда өткөрүү маселеси да каралган. (КE)

XS
SM
MD
LG