Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:15

Тажикстанда генерал Назарзоданын жээни бошотулду


Алишер Назаров, бародарзодаи Абдуҳалим Назарзода
Алишер Назаров, бародарзодаи Абдуҳалим Назарзода

Тажикстанда «козголоңчу» генерал Абдухалим Назарзоданын 29 жаштагы жээни Алишер Назаров эркиндикке чыкты. Аны тажик бийлиги коргоо министринин мурдагы орун басарынын башка туугандары менен бирге камакка алган.

2015-жылы декабрда Алишер Назаров кылмыш тууралуу кабар бербөө жана аны жашыруу беренеси боюнча 3,5 жылга соттолгон. Ал Абдухалим Назарзодага пара берүүдө ортомчу болгон деп да айыпталган.

Назаров жаза мөөнөтүнүн жарымы аяктагандан кийин мунапыс менен бошотулганын билдирди. Айтымында, ал генерал менен байланышта болгон деп айыпталып, бирок тергөөнүн жүрүшүндө алардын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөр башка маселелерге байланыштуу экени аныкталган.

2015-жылдын сентябрында Вахдат шаардык ИИБсине жана Дүйшөмбүдөн алыс эмес жайгашкан милиция бөлүмүнө кол салуу болгон. Бийлик куралдуу козголоң уюштуруу аракетине коргоо министринин орун басары, генерал-майор Абдухалим Назарзоданы айыптаган. Атайын операция маалында Назарзода баштаган 30 «козголоңчу» өлтүрүлгөн. Укук коргоо органынын 14 кызматкери мерт болгон.

XS
SM
MD
LG