Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Медведев Түркиянын азык-түлүктөрүнө кирген санкцияны алды


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Түркиянын азык-түлүктөрүнө киргизилген чектөөлөрдү алуу боюнча токтомго кол койду.

Документе ылайык, Орусияда курулуш иши менен алектенген түрк компанияларына салынган тыюу дагы жокко чыгарылды.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Түркияга карата киргизилген санкциялардын бир бөлүгүн алуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Чечим 3-майда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен орус президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусу учурунда кабыл алынган.

Санкциялар 2015-жылдын ноябрь айында түрк аскерлери Сирия менен чектеш аймакта орусиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин киргизилген. Орусия туристтик жолдомолорго, түрк товарларына жана түрк жумушчуларын ишке алууга чектөөлөрдү киргизген.

XS
SM
MD
LG