Өзбекстан Henley & Partners компаниясынын Визалык чектөөлөр индексинде 83-орунга жайгаштырылды. Рейтингде Өзбекстан менен бир сапта Кот-д’Ивур, Того, Тажикстан жана Сенегал өлкөлөрү бар.
Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 67чи, Кыргызстан 78чи жана Түркмөнстан 87-сапка жазылган.
Рейтингдин биринчи сабында Германия жайгашкан, анын жарандары 176 өлкөнүн аймагына визасыз кирип-чыга алышат. Экинчиде Финляндия менен Италия, үчүнчүдө – Испания, АКШ жана Дания жайгашкан.
Визалык чектөөлөр индекси - жарандарынын эркин жүрүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн эл аралык рейтинги. Ал Эл аралык аба транспортунун бирикмеси менен биргеликте түзүлгөн.