Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:50

Чет элдиктерге ЖМКны негиздөөгө тыюу салган мыйзамга кол коюлду


Президент Алмазбек Атамбаев “Жалпыга маалымдоо каражаттары” боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам маалымат каражаттарынын ачуу, каржылоо жана ээлик кылуу жол-жобосун аныктайт. Мыйзамды 20-апрелде Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөөгө Кыргызстандын жарандары жана өлкөдө катталган мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук тараптар гана укуктуу экени жазылган.

Ошондой эле мурда 18ге жашы жете элек, абак жайларда жаза өтөп жаткан жана сот менен тыюу салынган ишканаларга маалымат каражатын ачууга тыюу салынды.

Мыйзам долбоору алгач сунушталганда "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" деген чектөө киргизилген. Мындай норма өлкөдөгү айрым маалымат каражаттарын чектөөгө багытталып, сөз эркиндигине доо кетирет деп жарандык коом жана медиа уюмдардын нааразылыгын жараткан эле.

Коомдогу нааразылыктан соң мындай чектөө алып салынып, медиа уюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG