Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Ири суммада пара алган авиациялык мекеменин жетекчилери кармалды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Авиациялык ишканасынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызматка Бишкектин тургуну кайрылып, авиациялык мекеменин кызматкерлери 25 миң доллар пара талап кылып жатканын билдирген.

Бул факттын негизинде Бишкек шаардык прокуратурасы “ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иш козгогон.

1-июнда бул ишти тергөөнү алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиациялык мекемесинин директору, директорунун орун басары жана юристи 8 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул иш тергелип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG