Орусияда Москва дарыясына чөгүп кеткен 26 жаштагы кыргызстандык жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган адам Хорошево-Мневники районунан 24-майда дарыяга түшүп кеткен. Аны сөөгү төрт күндөн кийин табылды. Учурда элчилик маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча иш алпарууда.