Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:02

Кабулда демонстранттарга чыгарылган октон беш адам каза болду. Алардын арасында Ооганстандын сенатынын төрага орун басары Мохаммад Алам Изадиярдын уулу Салем да бар. Бул тууралуу Изадияр “Азаттыктын” ооган кызматына ырастады.

2-июнда миңге жакын адам 31-майда ири жардыруу болгон жерге чогулган. Алар өлкөдө коопсуздукту камсыз кылууну жана президент Ашраф Ганинин өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн талап кылышкан.

Демонстранттардын президенттик сарайды көздөй жүрүш жасоо аракетин токтотуу үчүн ооган коопсуздук күчтөрү ок чыгарып, көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонгон.

Демонстранттардын жана полиция кызматкерлеринин бир нечеси жарадар болду.

31-майдагы жардыруудан 90го жакын кишинин өмүрү кыйылып, 460тан ашууну жараат алган. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG