Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Сирия менен Иракта каза болгон жайкын тургундар боюнча доклад жарыяланды


Сирия
Сирия

2014-жылдан бери АКШ башында турга эл аралык коалициянын авиасоккуларынан 500гө жакын жайкын тургун мерт кетти.

Бул тууралуу АКШнын аскер командачылыгы жарыялаган баяндамада айтылат. Андагы маалыматка караганда “Ислам мамлекети” террорчул тобуна каршы операция жүрүшүндө Ирак менен Сирияда 484 жай тургун каза болгон.

Бейөкмөт уюмдар АКШнын расмий органы жарыялаган баяндамадагы жайкын тургундардын өлүмү тууралуу сандар төмөндөтүлгөн деп эсептешет. Air Wars аталышындагы уюмдун маалыматы боюнча быйыл 30-апрелден тарта авиасоккулардан улам 132 адам каза болгон. Укук коргоочулар эл аралык коалиция операция жүргүзүүдө жайкын адамдар үчүн коопсуздук чараларын жакшы уюштурбайт деп сындап келишет.

Ал эми аскерлер болсо операция жүргөн аймактарда калк жыш жайгашканы үчүн жайкын адамдар көп зыянга учурап жатканын түшүндүрүшөт.

XS
SM
MD
LG