Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Аялдардын саламаттыгына арналган акция өттү


Раиса Атамбаева
Раиса Атамбаева

Бишкектеги Тарых музейинин алдында аялдардын саламаттыгына арналган акция өттү. “Кызыл көйнөк” деп аталган долбоор алкагында өткөрүлгөн акцияда аялдардын саламаттыгы акысыз текшерилип, 200дөн ашуун кызыл кийинген айымдар йога, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасады.

Иш-чараны Президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык оорукана уюштурган. Акцияга президенттин жубайы Раиса Атамбаева да катышты.

Айымдардын саламаттыгына көңүл бурууга арналган Red Dress Сollection акциясы АКШда 2002-жылы башталган. Андан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Кыргызстанда болсо былтыр 3-июнда алгач жолу уюштурулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG