Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Иранда өрттөн 37 адам жабыркады


Өрттөн кийин, Шираз
Өрттөн кийин, Шираз

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары, өлкө түштүгүндөгү Фарс аймагындагы соода борборундагы өрттөн 37 адам жараат алганын жазып чыгышты. Маалыматка караганда Шираз шаарындагы өрттү жарылуу коштогон. Учурда өрттүн себептери аныкталып жатат.

Аймактын чукул кырдаал мекемесинин башчысы Мохаммед Реза Алиманеш 15 адам ооруканага жаткырылганын билдирди. Орозо айына байланыштуу соода борбору кечке чейин иштегендиктен кырсык учурунда адамдардын саны көп болгон.

Быйыл жыл башында Тегерандын борборундагы өрттөн 26 адам каза тапкан эле.

XS
SM
MD
LG