Кабулда жардыруудан бир нече адам мерт кетти.
Маалыматка караганда, үч жардыруу жума күнкү полиция менен кагылыштан каза болгондордун биринин тажыясы өтүп жаткан жерде болгон. Күбөлөр ондон ашык адамдын каза болгонун айтышууда. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кеминде төрт адамдын мерт кеткенин ырастады. Дагы ондогондор жараат алышты.
Абдул Вудуд аттуу күбө жардыруу Ооганстандын Сенатынын төрага орун басары Мохаммад Алам Изадиярдын уулу Салемдин тажыясы өтүп жатканда орун алган.
2-июнда Кабулда коопсуздук камсыз кылуу талабы менен чыккан демонстрацияда полиция ок чыгарып, беш адам каза болгон эле.