Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Лондондогу кол салуудан алты адам ажал тапты


Лондондогу окуя.
Лондондогу окуя.

Улуу Британиянын борбору Лондондогу кол салуудан алты адам мерт кетип, 30дан ашыгы жараат алды. Британ полициясынын маалыматы боюнча, ишемби күнү кечинде Лондон көпүрөсүндө өтүп бараткан машина адамдарды сүзүп баштаган.

Андан соң киши көп жүрчү “Боро Маркет” районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салган.

Полиция кылмышка шектүү үч адамды атып өлтүрдү. Бийликтер бул окуяны теракт катары баалады. Лондон полициясынын контртеррордук бөлүмүнүн башчысы Марк Роули кылмышка шектүү үч адам өлтүрүлгөнүн, иликтөө уланып жатканын билдирди. Полиция британ баш калаасындагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жарыялады.

Премьер-министр Тереза Мэй бүгүн өкмөттүн коопсуздук комиссиясынын чукул жыйынын өткөрөрү кабарланды.

Бул кол салуу марттын аягынан бери Улуу Британиядагы үчүнчү теракт болуп калды. 22-мартта Лондондун борборундагы Вестминстер көпүрөсүндө, парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашып, беш адам каза болгон.

22-майда болсо Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG