Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Чет өлкөдө абакка түшкөн 1700дөн ашык кыргызстандык бар

Орусия абагындагы мигранттар.
Орусия абагындагы мигранттар.

Кыргызстандын 1700дөн ашык жараны учурда чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу жума күнү Жогорку Кеңеште тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын маалыматы боюнча, Орусияда түрмөдө 1 354, Казакстанда 359 кыргыз жараны абакка түшкөн. Ал эми Тажистанда 30, Кытайда 18 жана Өзбекстан, Түркия, АКШ, Украина, Германия, Италия, Түштүк Кореяда да бир канча адам жазасын өтөөдө.

Министр Абдылдаев кыргыз жарандары чет жерде чек араны мыйзамсыз өтүү, баңгизат, контрабанда сыяктуу кылмыштар менен кесилип жатканын кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG