Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Сирия боюнча кезектеги Астана сүйлөшүүлөрүнүн мөөнөтү аныкталды


Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы 12-13-июнда Астанада өтөт. Бул тууралуу Сириянын Орусиядагы элчиси Рияд Хаддадга шилтеме берип, орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Хаддадын айтымында, расмий Дамаск сүйлөшүүлөргө чакырууну алды.

Бирок оппозициянын өкүлү Яхья ал-Ариди Сирия оппозициясы бул сүйлөшүүгө катышуу боюнча чечим кабыл ала электигин билдирди.

Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча Астана сүйлөшүүлөрү акыркы ирет май айынын башында өткөн. Анда ортомчулук кылган Орусия, Түркия, Иран 4-майда коопсуздук зоналарын түзүүгө чакырган меморандумга кол коюшкан.

Астанада жетишилген макулдашуу боюнча быйыл 4-июнга карата коопсуздук зоналары Сириянын борбордук, түндүк, түштүк бөлүктөрүндө түзүлүшү керек болчу. Бирок Сирия оппозициянын айрым мүчөлөрү бул келишимге кол коюудан баш тартышкан эле.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылы башталган. Ошондон бери кандуу калабадан 300 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылып, миллиондогон эл үй-жайын таштап, качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG