Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

“Ата Мекен” кыйылган дарактар маселесин парламентте кароону сунуштайт


Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.
Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу маселесин парламентте кароону сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн аталган фракциядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, фракция Бишкек шаарынын мэри бул маселе боюнча депутаттарга маалымат бериши керек деп эсептейт.

Бишкек шаарынын бийлиги Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги 140тан ашуун түп бак-даракты кыюу чечимин кабыл алган. Муну аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү чечими менен түшүндүрүшкөн.

2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле.

Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.

XS
SM
MD
LG