Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:07

“Ювентус” футбол клубунун миңден ашык күйөрманы жаракат алды


Италиянын Турин шаарында “Ювентус” футболдук клубунун миңден ашык күйөрманы жараат алды. 20 миңден ашык адам Чемпиондор лигасынын финалдык беттешин көрүү үчүн Сан-Карло аянтына чогулган.

“Ювентустун” дарбазасына үчүнчү гол кирген соң күйөрмандар арасында башаламандык чыгып, бир нече адам төө бастыда калган.

Football Italia порталынын жазышынча, беш адам өтө оор абалда ооруканада жатат. Алардын арасында төрт жашар бала да бар.

Өткөн түнү Чемпиондор лигасынын финалдык беттеши өттү. Анда мадриддик “Реал” туриндик “Ювентусту” 4:1 эсебинде утуп алды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG