Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:38

Ирактын “Ислам мамлекети” террорчул тобу ээлеп турган райондорунда акыркы эки күндө ондогон жайкын тургундар өлтүрүлдү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин журналисттери террорчулар көзөмөлдөгөн Занжилик аймагындагы көчөлөрдө бир нече эркек, аял жана балдардын сөөгү жатканын жазып чыгышты.

Занжилик Мосул шаарынын террорчулардан бошотула элек үчүн районунун бири. Буга чейин Ирак күчтөрү Мосулду бошотуу операциясы тездик менен алга жылып жатканын билдирип, жакынкы күндөрү толугу менен бошотуларын жарыялаган.

Өкмөттүк күчтөр жакындаган сайын шаардан качып чыгууга аракет кылган жашоочуларды террорчулар аткылап жатканы кабарланууда.

Мосул “Ислам мамлекети” террорчул тобунун учурдагы негизги таянычы саналат. Мосул толугу менен ирак күчтөрүнүн колуна өтсө, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна катуу сокку болот.

Террордук уюмдун лидери Абу Бакр ал-Багдади Мосулда өз башкаруусундагы “халифатты” үч жыл мурун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG