Алдын ала маалыматтарга караганда, Лондондогу теракт курмандыктары арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Учурда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү бийликтер менен байланышта иштеп жатат.
3-июндун түнүндө Лондондогу эки кол салуудан алты адам каза болуп, 50гө жакыны жараат алды. Анда террорчулар башкарган кичи автобус катуу ылдамдыкта Лондон көпүрөсүндө сейилдеп жүргөн адамдарды сүзүп баштаган. Андан соң унааны таштап, жакын жайгашкан ресторанда отурган кишилерди бычакташкан.
Бийликтер окуяны теракт деп аташты.
Полиция кылмышка шектүү үч адамды атып өлтүрдү.
Лондондо иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык Бакыт Азимканов окуядан кийинки жагдайды "Азаттык" радиосуна айтып берди.