Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Кабулда өзүн жардырууну көздөгөн киши кармалды


Ооганстандын чалгын кызматы өзүн жардырууну пландаган кишини кармашканын билдирди.
Ооганстандын чалгын кызматы өзүн жардырууну пландаган кишини кармашканын билдирди.

Ооганстандын чалгын кызматы Кабулда өкмөткө каршы демонстрацияда каза тапкандардын жаназасы учурунда өзүн жардырууну пландаган кишини кармашканын билдирди. 3-июнда парламент сенаторунун уулу жана дагы беш маркумдун зыйнатында үч жанкечтинин кол салуусунан бери дегенде жети киши жан таслим болгон эле. Жума күнкү өкмөткө каршы ири акция 31-майда ооган башкалаасындагы күчтүү жардыруу кеминде 90 кишинин өмүрүн кыйгандан кийин өткөрүлгөн эле. Демонстранттар менен полиция кагылыша кеткенде бир нече киши набыт болду. Полиция Кабулдун бир топ аймактарын курчоого алды, текшерүү пункттары орнотулуп, көчөлөрдү оор техника менен коопсуздук аскерлери кайтарышууда. Бирок 31-майдагы теракт болгон жерде ондогон демонстрант тынч акциясын улантышууда. Алар согушкерлердин кол салууларын алдын ала албайт деп өкмөттү кызматтан кетүүгө үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG